руenкр



Новости  » Новости » Окутуучу тренингтер Ыссык–Көл жана Нарын облустарында өткөзүлдү.

Окутуучу тренингтер Ыссык–Көл жана Нарын облустарында өткөзүлдү.


07.10.2016

Transparency International – Кыргызстан UNDEF тарабынан каржыланган, ӨНҮГҮҮ КЕЛИШИМ II “ Жергиликтүү жамааттын колундагы отчеттуулуктун аспабы” долбоорунун алкагында, “Өнүгүү келишимдер боюнча окутуучу интернет платформасын” колдонуу тууралуу окутуучу тренингтерди өткөздү.

Окутуучу тренингтер Ыссык–Көл жана Нарын облустарында  өткөзүлдү.

Ыссык–Көл облустунда 2016 жылдын сентябрь айында өткөн окутуучу тренингтерине Тоң, Жети–Өгүз жана Ыссык–Көл райондорунун айыл аймактары катышты, алардын ичинде: Болот Мамбетов, Ак–Терек, Күн–Чыгыш, Төрт–Көл, Жаргылчак, Тоң, Светлая поляна, Дархан, Тору–Айгыр жана Барскоон айыл аймактары катышты.

2016 жылдын 4-5 октябрында Нарын облустунда окутуучу тренингтерине Нарын жана Ак – Талаа райондорунун аймактары катышты, алардын ичинде: Дөбөлүү, Эмгек–Талаа жана Ак–Талаа айыл аймактары катышты. 


Тизмеге кайтуу
Пикир алмашуу:




© Transparency International, 2014 – Все права защищены Разработка сайта web stydio SpinStyle