руenкр



Новости  » Новости » 2016 жылдын Коррупцияны Кабыл алуу Индекси: Кыргызстан өзүнүн позицияларын 2015 жылга салыштырмалуу сактап калды. Индексе дагы 9 жаңы өлкө кошулду.

2016 жылдын Коррупцияны Кабыл алуу Индекси: Кыргызстан өзүнүн позицияларын 2015 жылга салыштырмалуу сактап калды. Индексе дагы 9 жаңы өлкө кошулду.


25.01.2017

2016 жылдын Коррупцияны Кабыл алуу Индексинде Кыргызстан 28 балл чогултуп 176 өлкөнүн ичинен 136 орунду ээледи. 2015 жылы Кыргызстан 167 өлкөнүн ичинен 123 орунду ээлеген, баллдык система боюнча республика 28 балл топтогон. Ошентип, 2016 жылдын жыйынтыгынын натыйжасында мамлекет былтыркы жылга салыштырмалуу өз позициясын сактап кала алды.

 
2016 жылдын коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча 176 мамлекеттин ичинен 69 пайызы 50 төмөн баллга ээ болушту.  Жалпы рейтингиндин биринчи орундарын Дания жана Новая Зеландия ээлеп, ар бири 90 баллдан топтоду, рейтингдин акыркы орундарын Сомали жана Түштүк Судан бекитишти, алар 11 жана 10 баллды топтошту. КМШ өлкөлөлрүнүн ичинен эң жакшы көрсөткүчтөр Грузияда – 57 балл, эң начар көрсөткүчтөр – Туркмения жана Өзбекистанда, алар 22 жана 21 балл топтоп, 154 жана 156 орунда жайгашышты.   Жакшы жакка карай эң мыкты жана көрүнүктүү көрсөткүчөрдүн өзгөрүшүн Беларусь, Грузия жана Туркменистан көрсөтүштү  8,5 жана 4 баллды  кошушту, Молдова тескерисинче өз позицияларын 3 баллга начарлатты. 


Тизмеге кайтуу
Пикир алмашуу:




© Transparency International, 2014 – Все права защищены Разработка сайта web stydio SpinStyle