руenкр



Новости  » Новости » Трансперенси Интернешнл Кыргызстан “Бийликтин коридорлору: акча жана саясатчылардын жолугушуучу жери” атындагы эл аралык конференциясына катышты.

Трансперенси Интернешнл Кыргызстан “Бийликтин коридорлору: акча жана саясатчылардын жолугушуучу жери” атындагы эл аралык конференциясына катышты.


11.12.2017

Европа Биримдигиндеги Трансперенси Интернешнл  2017 жылдын декабрь айынын 6-7 күндөрүндө  “Бийликтин коридорлору: акча жана саясатчылардын жолугушуучу жери” аттуу конференциясын өткөзүштү, ал конференцияга Трансперенси Интернешнл Кыргызстан катышып келди.  Саясатка акча  кандай таасир этет экенин талкуулоо үчүн конференцияга Transparency Internationalдын башчылары, саясатчылар, Европа Биримдигинин расмий өкүлдөрү, ОЭСР жана ПРООНго окшошкон эл аралык уюмдар, ошондой эле бүткүл дүйнөнүн жарандык коомдун уюмдары чакырылды.    

Бул иш-чарада саясий жемкорлуктун, парламенттик этиканын, ачык-айкындыктын, партиялардын жана шайлоо алдындагы үгүттөрдү лобби кылуу жана алардын каржылоосун камтыган суроолор каралып чыкты.

Конференция, бул тармакта иштеген, көптөгөн уюмдардын докладчиктеринин катышуусу менен ишке ашырылды, анын ичинде ПРООН,  Ачык өкмөттүк өнөктөшүү (OGP),  Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму (ОЭСР), Демократия жана шайлоолорго көмөктөшүү институту (IDEA), École des Hautes Études Commerciales (HEC), Sunlight Foundation, The Economist Intelligence Unit жана башкалар болду.

Жаңылыктын булагы: http://transparency.eu/corridors-of-power/      


Тизмеге кайтуу
Пикир алмашуу:




© Transparency International, 2014 – Все права защищены Разработка сайта web stydio SpinStyle