руenкр



Новости  » Новости » Мамлекеттик кызматчылар декларацияларында ири чыгашалары тууралуу отчет берип башташат.

Мамлекеттик кызматчылар декларацияларында ири чыгашалары тууралуу отчет берип башташат.


22.06.2017

2017 жылдын 2 августында жаны кабыл алынган “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” мыйзамына ылайык, эми мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган аткаминерлер  декларацияларында кирешелери жөнүндө маалыматтан тышкары, чыгашалары жөнүндө да маалыматты көрсөтүшөт.

Жылдын ичинде чыгашалары жөнүндө маалымат берүүгө милдеттенме төмөнкүлөргө жайылат:

  • саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдарга;
  • административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдарга;
  • аскер кызматчыларына, укук коргоо органдарынын жана дипломатиялык кызматтардын кызматкерлерине;
  • саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдарга;
  • Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасына жана анын орун басарларына.

 

Аткаминерлер декларацияда Кыргыз Республикасында жана анын чегинен сырткары турган жана декларантка жана анын жакын туугандарына менчик укугунда таандык мүлк жөнүндө маалыматты көрсөтүүгө милдеттүү:

 

1) кыймылсыз мүлк;

2) кыймылдуу мүлк:

  • автотранспорттук каражаттар;
  • маданий баалуулугу бар менчиктер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эски буюмдар катары таанылган буюмдар;
  • улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттары;
  • баалуу кагаздар;
  • мал жана башка жандыктар;
  • зер буюмдар, асыл жана жарым-жартылай асыл металлдар;
  • жарандарга жана уюмдарга карата финансылык жана башка мүлктүк талаптар;
  • уюмдардагы капиталдын аларга таандык үлүшү.

 

Талап кылынган маалыматтарды  мамкызматчылары   отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирилбестен  бериши керек.

 

Декларация электрондук түрдө жана салык мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет. Декларацияга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-июнунан кечиктирбестен киргизүүгө болот.

 

Эгерде декларация  белгиленген мөөнөттөн кийин берилсе, же берилген декларацияда толук эмес жана/же анык эмес маалыматтар болгон учурларда салык кызматынын органы бул адамдар жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына маалымат жарыялайт жана тийиштүү материалдарды прокуратура органдарына жөнөтөт.

 

Шилтеме: Кыргыз Респубикасынын 2017-жылдын 2-августу № 164 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” мыйзамы.

 

Жаңылыктын булагы: https://kaktus.media/doc/359291_gosslyjashie_bydyt_otchityvatsia_o_svoih_krypnyh_rashodah_v_deklaraciiah.html

 


Тизмеге кайтуу
Пикир алмашуу:




© Transparency International, 2014 – Все права защищены Разработка сайта web stydio SpinStyle