руenкр



Новости  » Новости » ТИ-Кыргызстан командасы “Сотко доо арыз кантип берилет? “ деген колдонмосун иштеп чыкты.

ТИ-Кыргызстан командасы “Сотко доо арыз кантип берилет? “ деген колдонмосун иштеп чыкты.


22.08.2017

Процесстик мыйзамдарда  өзгөртүүлөрдүн кириши менен жана 2017 жылдын 1 июлунан баштап жаңы Жарандык процесстик кодексинин ишке киришине байланыштуу, жарандарды сот системасындагы болгон механизмдери жөнүндө маалымдоо максатында Трансперенси Интернешнл Кыргызстан “Сотко доо арыз кантип берилет?” деген колдонмосун иштеп чыгарды. Колдонмодо: Кыргыз Республикасынын сот системасы, сот инстациялары, доо арызды сотко берүүдө укуктук жардамга жана маалыматка  муктаж болгон адамдардын  иш-аракеттеринин тартиби сүрөттөлгөн.  Болушунча жөнөкөй формада сотко доо арызды берүү тартиби жана иштердин  сотко караштуулугу жөнүндө маалымат берилген.  Ошондой эле, доо арызды даярдоо боюнча  сунуш берилип, доо арыздын үлгүлөрү келтирилген.    Сотко доо арыз берүүчү жарандын укуктары жана соттун милдеттери жөнүндө маалымат берилген.  Схема түрүндө апелляциялык жана кассациялык даттануу тартиби сүрөттөлгөн.

Сотко доо арыз кантип берилет?

Тизмеге кайтуу
Пикир алмашуу:




© Transparency International, 2014 – Все права защищены Разработка сайта web stydio SpinStyle