руenкр



Новости  » Новости » Transparency International Кыргызстан коррупцияга каршы журналын ишке киргизүүдө

Transparency International Кыргызстан коррупцияга каршы журналын ишке киргизүүдө


18.01.2018

Жарандар үчүн  мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алууда  административдик тоскоолдуктарды  жоюу жана коррупцияга каршы жөнүндө маалымат таркатуу үчүн Трансперенси Интернешнл Кыргызстан “Коррупцияга каршы журналын” ишке киргизүүнү баштап жатат.  Ишке киргизилип жаткан  журнал жалаң гана жарандарга мыйзам тууралуу жана мамлекеттик органдары менен иш алып баруу жөнүндө талкуулап маалыматты таркатуу максатын көздөбөстөн, ошондой эле жарандарга юридикалык жактан билим берүүгө жана коррупцияга каршы мамилени калыптандырууга багытталган.  

 

Жарандарыбыз тез жана сапатту мамалекеттик кызматтарды алуу үчүн Журналда атайын Нускамалар деген бөлүм жайгаштырылган, ал жерде ар кандай чөйрөгө байланыштуу болгон бир нече нускамаларды табууга болот, алардын ичинде мамлекеттик органдарына кайрылуунун аракеттеринин ирээти жөнөкөй жана жеткиликтүү формада жазылган.  Биздин нускамалардан жарандар өзүнүн укуктары жана мамлекеттик кызматкерлеринин милдеттери жөнүндө,  ошондой эле керектүү болгон документтердин, арыздардын үлгүлөрү менен таанышып, мамлекеттик органдарынын иштөө убактысы, даректери жана телефондору тууралуу маалыматты ала алышат. Порталда: Материалдар, Бийлик, Аспаптар, Аналитика, Ийгиликтүү тажырыйба деген бөлүмдөр бар, ал жерден ар бир адам өзүнө керектүү жана кызыктуу болгон маалыматтар менен тааныша алат. Андан тышкары порталдан, суроо берип, пикир алмашып, мамлекеттик органдарынын иши жөнүндө жана  кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты тууралуу  ой-пикирлер менен бөлүшүүгө  болот.   

 “Коррупцияга каршы журналы”  - сайтынын ишине кириши жөнүндө атайын жарыялоо Буклетинен маалымат алсаңар болот, колдонуучулар үчүн буклетте: кантип кирүү? (askjournal.kg), кандай түрдөгү суроолорго жооп алуу?  Ошондой эле керектүү болгон мамлекеттик кызматтарды алуу үчүн нускамалар менен колдонуу жөнүндө сүрөттөмө берилген.

 

Коррупцияга каршы журналы жөнүндө буклет. 

Тизмеге кайтуу
Пикир алмашуу:




© Transparency International, 2014 – Все права защищены Разработка сайта web stydio SpinStyle