руenкр



Новости  » Новости » Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтү “Өнүгүү келишими II: жергиликтүү жамааттын колундагы отчеттуулуктун аспабы” долбоорунун алкагындагы сынактын биринчи жеңүүчүсү болуп чыкты.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтү “Өнүгүү келишими II: жергиликтүү жамааттын колундагы отчеттуулуктун аспабы” долбоорунун алкагындагы сынактын биринчи жеңүүчүсү болуп чыкты.


10.07.2017
UNDEF уюмунун каржылык колдоосу менен Трансперенси Интернешнл Кыргызстан уюму тарабынан “Өнүгүү келишими II: жергиликтүү жамааттын колундагы отчеттуулуктун аспабы” долбоорунун алкагында сынак жүргүзүлүп жатат.
Долбоордун алкагында Кызыл-Туу аЙыл өкмөтү жергиликтүү коомчулук менен бирге иштешүү, аткарып жаткан иштери жана бюджети тууралуу отчеттуулукту жана айкындыкты жогорулатып иштөө жөндөмдүүлүгүн көрсөттү.
Кызыл-Туу айыл өкмөтү жергиликтүү коомчулук менен биргелешип натыйжалуу иштешүүнүн жыйынтыгынын негизинде: “Таза суу түтүкчөлөрүн тартуу”, “Жыл – Булак айылындагы 2 км. ички каналды механикалык жол менен тазалоо”, “С. Айтиев атындагы орто мектептин от жагуучу жайын куруу”, “Жылгын мектебинин чатырчасын жаңылоо”, “Жол–Сай айылындагы Алты–Кана участогунан Сазык–Сайга 1 км 100 метр автожолун механикалык жол менен салуу”, “Аркыт айылына санариптик телеберүүнүн жабдууларын орнотуу үчүн имарат куруу”, “Аркыт айылына адам өтүчүү көпүрө салуу” жөнүндө 7 Өнүгүү Келишимдерин тузүп сынактын жеңүүчүсү болуп чыкты.
Ошондой эле Кызыл-Туу айыл өкмөтү www.pact.kg сайтында ачылган жеке баракчаны ийгиликтүү колдонуп. Айыл өкмөтүнүн жеке баракчасындагы бардык бөлүмдөрү толтурулган жана айыл аймактын бардык тургундары төмөнкү маалымат менен таанышууга мүмкүнчүлүктөрү бар: айыл аймак тууралуу маалымат, тузүлгөн Өнугүү келишимдер, жаңылыктар, бюджет, кабыл алынган ченемдик укуктук актылар, көйгөйлөр, долбоорлор/гранттар/ донорлор жөнүндө.
2017 жылдын 5-июлунда Өнүгүү Келишими аспабын ийгиликтүү пайдаланганы үчүн Кызыл-Туу айыл өкмөтү тез ылдамдыктагы Интернетке кошулууга керектүү болгон жабдыктарын байге катары утуп алды.

Тизмеге кайтуу
Пикир алмашуу:




© Transparency International, 2014 – Все права защищены Разработка сайта web stydio SpinStyle